Чек ара чырында эвакуацияланган адамдар үйлөрүнө жөнөтүлдү

Чек ара чырында эвакуацияланган адамдар үйлөрүнө жөнөтүлдү

Бүгүн, 9-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан улам, коопсуз жайга чыгарылган  тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп,  үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында 9 пунктта жайгашып турган Баткен районунун жарандары менен өкмөт өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугуп, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп даярдалганын билдирди.

Учурда аймакта калыбына келтирүү жумуштары башталган, биринчи кезекте жарандарды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүрүп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, 28-29-апрелде болгон чек арадагы окуядан, облуста акыркы такталган маалыматтар боюнча 40 миң 649 адам көчүрүлгөн болсо, анын 16 миң 147си аялдар, 23 миң 931и балдар.

Ал эми Баткен району боюнча 14 миң 361 жаран, Лейлек району боюнча 26 миң 288 адам эвакуацияланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>