Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Олимп оюндары: Кыргыз балбандары дүйнөлүк тандоо турниринде жолдомосуз калды
09.05.2021 | 13:36
Кыргызстандык балбандар Токиодо өтүүчү жайкы Олимп оюндарынын дүйнөлүк тандоо турниринде жолдомо ута алган жок.
Дүйнөлүк мелдеш Болгариянын София шаарында өтүп, Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча 5 балбан, грек-рим күрөшүү боюнча 2 жана кыз-келиндер арасындагы түрү боюнча 1 балбан катышкан.
Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча кыргыз балбандарынан Олимп оюндарына жалгыз жолдомону Эрназар Акматалиев Алматыда өткөн турнирде жеңип алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт