Чек ара чырында курман болгон 12 жаштагы Мадинанын элесине арналган китеп жарык көрдү

Чек ара чырында курман болгон 12 жаштагы Мадинанын элесине арналган китеп жарык көрдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан курман болгон 12 жаштагы Мадина Рахматжанованын элесине арналган “Керемет жамгыр” аттуу китеп жарык көрдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, китептин автору Талантбек Шабиев. Ал эми китеп мындан ары согуш болбосун деген тилек менен жазылган.

“Китебим балдардын согушка болгон көз карашы, ой-пикирлери жөнүндө жазылган. Анын башкы каармандары мектептин 3-4-класстын окуучулары болуп саналат. Китептин эки каарманы аскерлер атып жатканда октун, жарылган гранатанын ордуна гүл болуп калса деп кыялданганы тартууланган. Ошондой эле 1945-жылы Япониянын Нагасаки жана Хиросима шаарына ташталган атомдук бомбанын ордуна асмандан гүл жаап жатса, кандай гана сонун экендигин айтышат. Чыгарма менен балдардын аруу тилек, жакшы ойлорун бергим келди. Жакында эле чек арадагы окуядан кийин 12 жаштагы Мадина Рахматжанова кайтыш болуп калды. Чыгармамды Мадинанын жаркын элесине арнадым”, — деген китептин автору.

Шабиев “Керемет жамгыр” китеби 1 миң нускада жана кыргыз, орус тилде чыкканын айтат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>