Бишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди
Чек ара кызматы: Абал чыңалуу бойдон калууда
17.09.2022 | 21:30
Бүгүн, 17-сентябрь саат 21:00го кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Саат 19:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду. Буга чейин аткылоо саат 18:20ларда башталганы кабарланган.
Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусун «Гулистон – унаа жолу» (ТР) өткөрмө бекетинде өткөрүү пландаштырылган.
Чек ара кызматы абалды турукташтырууга багытталган иштерди жүргүзүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом