УКМК «Камчыбек Ташиев туткундалды» деген маалыматты төгүндөдү

УКМК «Камчыбек Ташиев туткундалды» деген маалыматты төгүндөдү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда болуп, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча бийлик түзүмдөрүнүн жана тиешелүү органдардын ишин координациялоодо. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой социалдык тармактарга «Камчыбек Ташиев туткундалып, аны кол астында иштеген адамдар аны 16-сентябрдан тарта көрө элек» деген жалган маалыматтар тараган.

УКМК 16-сентябрдын түнүндө Камчыбек Ташиевдин Баткендин облустук штабындагы  берген маегин жалпы коомчулук көргөнүн белгилеп, Кыргыстандагы кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар адамдардын жалган маалыматтарына ишенбөөгө чакырат.

Ошол эле учурда УКМК жалган маалымат таратып, эл арасында чагым салууга аракет кылгандар мыйзамга ылайык жазага тартыларын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>