Каза болгондордун кээ бири кыйноо менен өлтүрүлгөн, — Иманкулов

Каза болгондордун кээ бири кыйноо менен өлтүрүлгөн, — Иманкулов

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгондордун арасында кыйноо менен өлтүрүлгөндөр бар. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйында билдирди.

«Аскер кызматкерлери, элди эвакуациялоого жардам берип жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин арасында киши колдуу болгондор бар. Айрымдары кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн. Кескилеп, кулактарын кесип, денесин мазактаган. Буга чейин мындай болгон эмес. Андайды мурда байкаган эмеспиз. Бул согуштук аракеттерге экстремисттик-террордук уюмдардын мүчөлөрү катышканынын белгиси болушу мүмкүн», — деди Марат Иманкулов.

Анын айтымында, чек арадагы куралдуу кагылышка экстремисттик топтордун мүчөлөрү катышкан деген ойду Кыргызстандын аймагына бастырып кирген тажикстандык аскерлер тарапта сакалчан, жарандык кийим кийген, туш келди ок аткылаган адамдар болгон.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (ДостукПаскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.

18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

19-сентябрга караган түн тынч өткөн, ок атышуулар болгон эмес. Ошол эле учурда абал чыңалуу бойдон калууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты, жарадар болгондордун саны 163тү түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>