Өзбекстандан 13 тонна насвай ташып келаткан жаран кармалды

Өзбекстандан 13 тонна насвай ташып келаткан жаран кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасында аткезчилик менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-январда «Бүргөндү» чек ара заставасында Өзбекстандын Чоң-Гара анклавынан чыгып келе жаткан Кыргызстандын 1984-жылы туулган Э.Б. аттуу жараны башкарып бара жаткан Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда чек ара кызматкерлери тиешелүү документтери жок жүк – 13 тонна насвай табылган. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу жүктү андан ары сатуу үчүн Кыргызстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган.

Мындан тышкары, Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары тарабынан 29-январда кыргыз-тажик тилкесинде Лейлек районунун лагеринин аймагында Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан Тажикстандан Кыргызстанга 35 баш майда малды жана 1 жылкыны мыйзамсыз айдап келүүгө аракет кылган 1993-жылы туулган КР жараны аныкталган.

Эки учурда тең тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар, майда мүйүздүү мал, жылкы жана контрабандалык жүктөр кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>