Таласта өзгөчө кырдаал режими алынууда

Таласта өзгөчө кырдаал режими алынууда

Бүгүн, 30-январда Талас районунда киргизилген өзгөчө кырдаал режими Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен алынууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондун И.Айдаралиев айыл аймагынан аккан Каракол суусу тоңуп, жалпысынан 50 турак жайдын короо-сарайын суу каптоо коркунучун жараткан.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн Көпүрө-Базар айылындагы суунун нугун тазалоонун жалпы узундугу 2500 метрди түзүп, суу каптоо коркунучу толугу менен жоюлду.

Ал эми тазалоо иштерин аткарууга төрт куткаруучу, Токой чарба кызматынан эки кызматкер, айыл өкмөтүнөн беш кызматкер “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген ишканасынан бир экскаватор тартылган.

Буга чейин 26-январда Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилгени маалымдалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>