Тажикстандын кол салуусу: ИИМдин 4 аскер кызматкери курман болду

Тажикстандын кол салуусу: ИИМдин 4 аскер кызматкери курман болду

Тажикстандын агрессиясынан улам кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу кагылышта курман болгондордун арасында ИИМдин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери бар.

ИИМдин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн улук сержанты Дурус Каныбек уулу, кенже сержант Манас Баатырбеков, улук сержант Ачылбек Ташбеков, катардагы жоокер Айбек Абдилабеков 16-сентябрда курман болгон.

ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгы жана өздүк курамы курман болгон аскерлердин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Жоокерлерибиздин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 59 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул соңку маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Курман болгондордун көбү — Куралдуу күчтөрдүн катарында мекен үчүн кызмат кылган аскер кызматкерлери.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>