Чек арада үйү тонолгондорго кенемте төлөнгөн эмес, — депутат

Чек арада үйү тонолгондорго кенемте төлөнгөн эмес, — депутат

Бүгүн, 26-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Депутат Камила Талиева Баткен облусундагы Бели-Сынык ашуусундагы жолду оңдоо иштери токтоп калганын белгилеп, аталган жолдун аймак үчүн мааниси жогору экенин эске алуу менен тездетүү керектигин кошумчалады.

Муну менен катар кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжалда үйү тонолгондордун мүлкүн калыбына келтирүү маселесине токтолду.

“Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө үйлөрү тонолуп кеткендер кенемте же жардам берилген эместигин айтып жатышат. Алардын баалуу буюмдары, эмеректери тонолгон. Бирок, кенемте төлөнгөн эмес”, — деди Талиева.

Баткендеги социалдык көйгөйлөр тууралуу айткан депутат Ырысбек Атажанов да бир катар мектептер авариялык абалда экенин жүйө келтирди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>