Евробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдө
Чек арадагы кагылыш: БУУ эки тарапты диалогго чакырды
17.09.2022 | 21:36
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эскалациянын күчөшүнө терең тынчсыздануу менен байкоо салууда. Ал каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул тууралуу Башкы катчынын атынан ишемби күнү анын басма сөз катчысы Стефан Дюжарриктин билдирүү жасады.
«Башкы катчы Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилигин узак мөөнөттүү ок атышууну токтотуу үчүн диалогго барууга чакырат. Эки тарап тең чыңалууну азайтуу үчүн иштеп жаткан механизмди толук пайдалануусу керек», — деп айтылат документте.
Тараптардын өтүнүчү боюнча БУУ чек арадагы пикир келишпестиктерди жөңгө салууга «туруктуу чечимди» табууга көмөктөшүүгө даяр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом