«Карабалта автооңдоочу завод» мамлекеттин менчигине өттү

«Карабалта автооңдоочу завод» мамлекеттин менчигине өттү

“Карабалта автооңдоочу заводун” мамлекеттин менчигине өткөрүү жараяны болгон карыздарды төлөө менен аяктады. Бул тууралуу экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан республиканын аймагында унааларды жана жабдууларды чогултууну көбөйтүүгө ниеттенүүдө.

«Биздин айыл чарба муктаждыктарыбызды канааттандыруу үчүн айыл чарба шаймандарын жана жабдууларын чогултуу боюнча кытайлык компания менен келишим түзүлдү. Ошондой эле электр товарларын чогултуу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү пландалууда», — дейт Данияр Амангелдиев.

Ал ошондой эле россиялык компанияларды Кыргызстандагы токтоп турган ишканалардын аймагына жайгаштыруу пландалып жатканын кошумчалады.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Кара-Балта шаарындагы «Авторемонт заводу» ААКсы «АЮ Холдингдин» курамына кирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>