Назарбаевдин камактагы тууганы Орусиядагы McDonald’s бизнесин сатып алышы мүмкүн

Назарбаевдин камактагы тууганы Орусиядагы McDonald’s бизнесин сатып алышы мүмкүн

Орусиядагы McDonald’s бизнеси жергиликтүү ири франчайзилердин бирине өтөт. Бул тууралуу The Bell сайты өзүнүн үч булагына таянып кабарлады.

Булактардын экөө ыктымал сатып алуучу катары Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тууганы Кайрат Боранбаевдин «СПП» компаниясын, үчүнчү булак мунайчы Александр Говордун «ГиД» компаниясын атаган.

Басылманын маалыматына караганда, Кайрат Боранбаевдин «Тамактануу ишканаларынын аймактык түйүнү» Орусиянын Свердловск, Оренбург, Челябинск, Курган, Тюмень жана Киров облустарындагы McDonald’s түйүндөрүн башкарат. Мындан тышкары Боранбаевге Казакстан менен Беларустагы McDonald’s франшизасы да таандык.

The Bell сатып алуу тууралуу жакынкы күндөрү жарыяланып, түйүн жаңы бренд менен иштей баштарын жазды.

Кайрат Боранбаев — Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы. Жергиликтүү Forbes басылмасы аны Казакстандагы эң таасирдүү беш ишкердин тизмесине кошкон. Боранбаев McDonald’s франчайзисинен тышкары Казакстанда минералдык суу куюучу «Алекс-Сарыагаш» компаниясына, «Алмалы» активдерин башкаруу компаниясына, «Кемикал» мунай-химиялык компаниясына жана «КазТурбоРемонт» холдингине ээлик кылат.

Кайрат Боранбаев Казакстанда «ири өлчөмдө акча кымыруу» айыбы менен быйыл 17-мартта кармалган. Өткөн жумада Нур-Султан соту анын камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>