Чет элдикти сүзүп кетип, сабаган айдоочу мурда УКМКда иштеген

Чет элдикти сүзүп кетип, сабаган айдоочу мурда УКМКда иштеген

Бишкек шаарында 28-декабрда чет элдик жаранды сузүп кетип, андан кийин аны ур-тепкиге алган айдоочу мурда УКМКда иштеген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 28-декабрда милицияга Россиянын Р.Е. аттуу жараны кайрылып, Кулатов менен Лев Тослтой көсөсүндө белгисиз жаран унаасы менен сүзүп, андан кийин ур-тепкиге алганын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 38 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү учурда УКМКда иштебей тургандыгы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта иликтөө уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте айдоочу чет элдик жаранды сүзүп кетип, өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, ага кол көтөргөнү, андан кийин жабырлануучуну УКМКнын имаратына алып барууга аракет кылганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Буга байланыштуу УКМК расмий билдирүү жасап, аталган жаран атайын кызматтын кызматкери эместигин билдирген. Ошол эле учурда алар шектүү мурда УКМКда иштегени тууралуу кабарлаган эмес.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуну кармагандан кийин, анын элден кечирим сураган видеосун жарыялаган.

УКМК: Чет элдикти сүзгөн айдоочу УКМКнын кызматкери эмес — видео

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>