Чиновниктердин көбү ушундай пикирде, — Мадумаров Кыргызстанды Россияга кошуп алуу сунушу тууралуу  

Чиновниктердин көбү ушундай пикирде, — Мадумаров Кыргызстанды Россияга кошуп алуу сунушу тууралуу  

Жогорку Кенештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Динара Чолпонованын Кыргызстандын Россияга кошулушу боюнча айткан сөзүнө комментарий берди.

Анын айтымында, бул Динара Чолпонованын жеке пикири.

“Бир кыздын сөзүн УКМКнын даражасына чейин чыгарып жибердиңер. Мен тактадым, ал ким экенин.  Ал байкуш кыз эчен жылдан бери, бала-чакасын багып ошол жерде иштейт экен. Ага эмне анча асылдыңар? Ал кыз чиновниктерден айырмаланып, мамлекеттик казынадан акча жеген эмес.

Эдил Байсаловдун кожоюну болуп турган жигит убагында (ред.Акылбек Жапаров) 7 облусту 7 мамлекетке бөлүп берип коюш керек деп айткан. Ага эмнеге реакция кылбайсыңар? Канчалаган чиновниктер ушундай эле пикирде”, — деди депутат.

Жыйында Эдил Байсалов депутаттын суроосуна жооп берип жатып: “Сиздин партияңыздын жооптуу бир мүчөсү биздин мамлекеттин бүтүндүгүнө, керек болсо мамлекеттүүлүгүнө шек келтирген сөздөрдү айтып жатат. Эгемендүүлүгүбүзгө шек келтирүүнү токтотуңуз”, — деген.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсүнүн билдирүүсү боюнча комментарий берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>