Казакпаев менен Аманбаевдин өлүмү боюнча комиссиянын биринчи отуруму өттү

Казакпаев менен Аманбаевдин өлүмү боюнча комиссиянын биринчи отуруму өттү

Бүгүн Акыйкатчы институтунда УКМКнын СИЗОсунда каза болгон эки факты – саясат таануучу Марат Казакпаев менен «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын экс-орун басары Бакыт Аманбаевдин өлүмү боюнча комиссиянын биринчи отуруму өттү.

Комиссиянын курамына административдик аппараттын кызматкерлери, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун, Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирди. Башкы прокуратуранын кызматкерлери байкоочу катары иш алып барышат.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова комиссиянын жыйыны жабык өтөрүн билдирди. Муну ал комиссия мүчөлөрү резонанстуу иштердин материалдары менен иштей турганы, алар тергөө сыры жана ачыкка чыгууга жатпайт деп түшүндүрдү.

Акыйкатчы иштин белгилүү бир бөлүгү мурдагыдай эле элге жарыяланып турарын белгиледи.

«Комиссиянын ишинин жыйынтыгын парламенттин жыйынында сунуштайбыз. Алдын ала 1-октябрга чейин иштейбиз, анткени жабык мекемелердеги системалык мыйзам бузууларды иликтөө зарыл», — деди Атыр Абдрахматова.

Эске салсак, саясат таануучу Марат Казакпаев 10-июнда комадан чыкпай ооруканада каза болгон. Ал эсин жоготкондон кийин гана ооруканага жаткырылган, бирок жактоочунун айтымында, ал өзүн жаман сезип жатканына нааразы болгон.

Бир жумадан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин СИЗОсунда «Айыл Банктын» башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынып алган. Жактоочусу жана жакындары анын өз жанын кыйышы мүмкүн эмес экенин айтышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>