Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Чолпон-Атада 15 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти
13.07.2026 | 09:51

Чолпон-Атада милиция кызматкерлери Ысык-Көлгө чөгүп каза болгон 15 жаштагы өспүрүмдүн өлүм фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июлда нөөмөт бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарынын аймагында көлгө адам чөгүп кеткендиги тууралуу телефон аркылуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон адам 15 жаштагы өспүрүм экендиги аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Облустук ИИБ жарандарды, айрыкча ата-энелерди жашы жете элек балдарды көл жээгинде көзөмөлсүз калтырбоого чакырып, сууда коопсуздук эрежелерин сактоо адам өмүрүн сактап калуунун негизги шарты экенин эскертти.
Анара Мамытова