Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Чолпон-Атада спорттун улуттук түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт
20.08.2024 | 17:57
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Оюндар 28-31-августта Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт. Анын алкагында эр эңиш, салбуурун, ат чабыш, көк бөрү боюнча оюндар болот. Ага спортчулар өлкөнүн бардык аймагынан келип катышат.
Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.