Чоочун адамдын мал-жандыгын сатып жиберген чабан кармалды

Чоочун адамдын мал-жандыгын сатып жиберген чабан кармалды

Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2-апрель күнү милицияга бир адам арыз менен кайрылган. Анын айтымында, С. аттуу чабан бука, бээ жана тайын кароого убада кылган. Бирок аны алдап, малды башкаларга сатып жиберген. Ошентип ал жабырлануучуга 250 миң сом зыян келтирген.

Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 12-апрель күнү милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн өздүгүн такташкан — ал 1984-жылы туулган К.С. экендиги аныкиалып, кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жогу аныкталууда. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>