Бишкекте 1,7 млн бир жылдык гүлдөр отургузулат

Бишкекте 1,7 млн бир жылдык гүлдөр отургузулат

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы бир жылдык гүлдөрдү отургуза баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жазгы жоогазындардын ордун жайкы, түстүү петуниялар, сальвиялар, тагетес, алисум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөрдун түрлөрү ээлейт.

Учурда гүлдөрдү  отургузуу Токтогул көчөсү менен кесилишкен Жаш Гвардия бульвары, Жеңиш аянты, «Дене тарбия» сквери, Пушкин көчөсү боюнча Курманжан Датканын эстелигинин жанында жана «Уркуя» скверинин жанында жүргүзүлүүдө.

«Гүлзарлар улуттук оймо-чиймелер, жылдыздар, ошондой эле символикалык даталар түрүндөгү ар түрдүү композициялар менен толтурулууда. Гүлзарлардын эскиздерин Бишкек жашыл чарбанын ландшафттык дизайнерлери түзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл шаарга бир жылдык 1 миллион 700 миң гүл отургузулат. Мэрия шаар тургундарынан гүлдөргө аяр мамиле кылууну, үзбөөнү суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: гүл мэрия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>