Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салдыКыргызстанда жүктөрдүн 80%дан ашыгы автоунаа менен ташылат, жеңил унаалардын саны 13%га өстүКыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалдыКыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана менчиктештирүүгө тыюу салындыОш — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдөБишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталат
Чүйдө 26 жаштагы жаран психотроптук заттар менен кармалды
11.05.2026 | 11:35

Чүйдүн Аламүдүн районунда 26 жаштагы жаран психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-майда Арсенал» аталышындагы рейд учурунда милиция кызматкерлери С.А. аттуу жаранды токтотушкан. Текшерүүдө анын жанынан 50 даана баштыкчага таңгакталган жана бир баштыкка оролгон ак түстөгү зат табылган.
Соттук экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган зат салмагы 96 граммды түзгөн психотроптук заты экени аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар