Такси айдоочулары менен курьерлерден 7 айда 462 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмү түштүКубат Рахимов: санкциялар Кыргызстандын эсептешүү хабы катары калыптанганын тааныгандык болдуЫсык-Көлдө Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылатАйыл чарба министрлиги жергиликтүү тоюттан балык кырылды деген маалыматты четке кактыКыргызстанда картошка ташып келүүгө жарым жылга тыюу салуу пландалуудаКыргызстанда бир күндүк жалданма жумушчулар салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн
Чүй: Аламүдүндө 2 млн. 70 миң сомго суу мунарасы курулду
10.11.2022 | 21:47
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылында 2 млн. 70 миң сомго жаңы суу мунарасы курулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мунаранын көлөмү 100 метр кубга барабар. Бул өлчөм 19,5 гектар аянтты, башкача айтканда, 320 турак үй жайгашкан 4 көчө менен 271 батирлүү 11 көп кабаттуу үйдү тейлөөгө жетет.
Суу мунарасынын баасы 1 млн. 520 миң сом. Суу 230 метр тереңдиктен чыгарылып, жер иштерине 550 миң сом жумшалды. 11 айда ишке ашкан бул долбоорго жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика