Боом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айланды
Чүй алдыда турушу керек. Жапаров облус башчынын ишине нааразы
14.07.2022 | 13:53
Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети тарабынан жалпы берилген тапшырмалардын саны 5700дөн ашкан, анын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай калганы 5,2% болду. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул боюнча эң начар көрсөткүч Чүй облусунда болду.
“Чүй облусундагы өкүлүбүз туруңузчу. Эмне үчүн сизде мындай начар көрсөткүч болуп жатат? Сиздин мамлекеттик кызматтагы тажрыйбаңыз башкаларга караганда өтө көп. Сиз бул боюнча ишти алдыга жылдырышыңыз керек. Чүйдө башка облустарга караганда бардык шарттар бар да, эң алдыңкы орунда турушу керек”, – деди президент.
Буга байланыштуу президент Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаевге кайрылып, ишти күчөтүүнү тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом