Президент: Мамкызматкерлер отура бербей электрондук документ жүгүртүүгө өткүлө

Президент: Мамкызматкерлер отура бербей электрондук документ жүгүртүүгө өткүлө

1-июндан тарта мамлекеттик органдар электрондук документ жүгүртүүгө толук өтө албай жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Жыйында Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчысы Зарлык Тургунбаев президенттен айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерин жана муниципалдык кызматкерлерди жумушка алууда компьютердик тестирлөөнүн милдеттерин жеңилдетүүнү суранды.

«Тескерисинче, муниципалдык кызматкерлердин компьютердик сабаттуулугун жогорулатып, планшет, компьютерге өтүүнү каалайбыз. Баарыңар отурасыңар, алдыңарда тонналаган кагаздар, калемдер, менде болгону планшет бар. Башка эч нерсе жок. Мен блокнот же калем колдонбойм. 1-июндан баштап кагаз сатып албайбыз дедик. Бирок кээ бир органдар электрондук документацияга өтө элек», — деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле министрлерди кабинетинде отурбай, элдин алдына чыгууга чакырды.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылдын 25-декабрында 2022-жылдын 11-январынан тарта кагаз түрүндө документтерди кабыл алууну токтоторун билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>