NEXT телеканалынын директору 48 саатка камакка алынды

NEXT телеканалынын директору 48 саатка камакка алынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевди 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкты.

Ал ошондой эле соттун чечимисиз эле телеканалдын эфирин токтотуп коюшканын айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети NEXT телеканалына улут аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун мурда кабарлаган.

«Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында NEXT телеканалы социалдык тармактарда өзүнүн ресурстарын пайдаланып, Орусияга атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстан тарабынан Орусияга аскердик жардам көрсөтүү келишими тууралуу жалган маалымат таратып жатканы аныкталган. Анда Казакстандын коопсуздук кызматтарынын мурдагы жетекчисинин маалыматын шилтеме берүү менен маалымат тараткан. Бул аракеттер Кыргызстан жана башка мамлекеттердин калкын туура эмес маалыматка жана адаштырууга алып келет, ошондой эле улуттар аралык кастыкты козутуунун жана улутка негизделген кастыкты калыптандыруунун элементтери болуп саналат», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Улуттар аралык кастыкты (чатакты) козутуу) менен кылмыш иши козголгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>