Чүй: Форель балыктары үчүн жем чыгаруучу завод ишке кирди

Чүй: Форель балыктары үчүн жем чыгаруучу завод ишке кирди

Чүй облусунда форель балыгы үчүн тоют чыгаруучу биринчи завод ишке кирди. Долбоорду кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен “Салих” компаниясы ишке ашырды. Ишкананын баасы 1,85 млн. доллардан ашат деп билдиришти аталган фонддон.

Маалыматка ылайык, курулушка кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан 1,3 млн. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүнгөн. Завод бир жылга жетпеген убакытта курулган. Ал заманбап жабдыктар менен жабдылган жана бардык эл аралык стандарттарга жооп берет.

Долбоордун максаты ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу болуп саналат.

Буга чейин биздин өлкөдө балык чарбалары үчүн тоют даярдалчу эмес. Ошондуктан КОӨФ “Салих” компаниясынын тиешелүү долбоорун колдоону чечти. Бул биздин өлкө үчүн уникалдуу өндүрүш, толук циклдүү завод”, — дейт фонддун жетекчиси Артем Новиков.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 30 тоннага чейин жетет. Жакынкы келечекте ал ата мекендик балык чарбаларынын тоютка муктаждыгын 50%га камсыздайт деп күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

 

Тэги: балык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>