Төө-Ашууда унаалар үчүн чектөөлөр кирди

Төө-Ашууда унаалар үчүн чектөөлөр кирди

Төө-Ашууда унаалар үчүн атайын чектөө кирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ 12 июнь күнү Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелде суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Көйгөйдүн себеби — суу өткөрүүчү түтүктө (в водопропускной трубе) кумдуу калдыктар толуп, ошол себептен суу туннелдин ичиндеги жолду каптаган. Кечээ тункү саат 22:30 чамаасында жол кызматкерлери тарабынан түтүк тазаланып, суу кеткен.

Бүгүн кайрадан кечээки абал кайталанып, зарыл техниканын жардамы менен тазалоо иштери жүрүүдө. Суу өткөргөн эски түтүктө пайда болгон кемчиликтерине байланыштуу, жол кызматкерлери тарабынан түтүктөрдү оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо жумуштарынан кийин мындай көйгөй кийин пайда болбойт. Бугүнкү Төө-Ашуудагы тыгындардын себеби – бул туннелдин жолун оңдоо жумуштары. Алдын ала график түзүлүп, жарыяланган.

Бүгүн саат 14:00 – 16:00 чейин тыгындар пайда болгон. Бул убакытта бекилген график боюнча иштер аткарылат.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 19 майдан баштап — 28 июнга чейин Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдарын актоо иштерине байланыштуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

2023 жыл, 19 майдан баштап-28 июнга чейин:

саат 5:00 дөн 8:00 гө чейин,

саат 10:00 дөн 12:00 гө чейин,

жана 14:00 дөн 16:00 гө чейин уаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Тоо-Ашуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>