Салык кызматы: Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдүКыргызстандык үч калыс Азия оюндарында калыстык катышатКыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 85-сезонун ачатСанариптештирүү. ЖК документтерди кагаз түрүндө кайталап берүүдөн баш тартатЖаштар арасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча эссе сынагы жарыяландыДүйнөлүк банк Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну улантууга даяр
Чүй: Көчөдө бычак көтөрүп жүргөн мас адам кармалды (видео)
08.06.2023 | 13:09
Чүйдүн Восток айылында колуна бычак кармап, көчөдө жүргөн адам кармалып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 8-июнда соцтармактарга Восток айылында көчөдө бычак көтөргөн адам айыл тургундарынын дарбазаларын каккылап жатканы тартылган видео тараган.
Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, аталган жаран кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Милициядан билдиришкендей, кармалган жаран 40 жаштагы Восток айылынын тургуну болуп саналат. Ал мас абалында болгон.
“Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен коомдук тартипти бузган адамга карата мыйзамга ылайык чара көрүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз