Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Чүй: Курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды
04.02.2022 | 09:19
Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул туурасында Улуттуу коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, Макаров тапанчасы (ПМ), Калашников автоматынын 5,45 жана 7,62 калибрдеги бир нече гильзалары жана Макаров тапанчасы 9 мм, Казакстан Республикасынын транспорт каражатынын мамлекеттик номуру, ошондой эле жардыргыч түзүлүштөрдү колго жасоо үчүн башка буюмдар жана заттар катылган жер табылды.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак жана ок-дарылар кылмыштуу элементтер тарабынан кылмыш жасоо үчүн даярдалып жаткан.
Табылган куралдардын келип чыгышы жана жашыруун сактоону уюштурган адамдар аныкталууда.


Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар