Жапаров Түркияда Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү — эмнелер талкууланды31-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйтКасым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйында
Чүй: Мектепке пистолет менен эки киши кирди
22.10.2021 | 18:24
Мектеп кароолчусуна курал такап коркуткандар колго түштү. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдирди.
21-октябрь күнү болжолдуу 10:30дар чамасында Панфилов районундагы мектептердин бирине белгисиз эки киши кирет. 43 жаштагы Ж.Ж. аттуу кароолчусу имараттын ичине кирип бара жаткан эки кишиге “бет кап кийип алгыла” деп суранганда кайым айтышуу болуп, бир маалда экөө чөнтөгүнөн курал алып, коркутууга өткөн. Куралын от алдырымыш болуп унаасына түшүп, белгисиз жакка жылт коюшкан.
Милиция Аламүдүн районунан 18 жаштагы Н.Б., 20 жаштагы А.З. колго түшүрүп, тергөө иштери жүрүүдө.
Күч органдары куралды изилдеген маалда газ-пневматикалык пистолет экени аныкталып, 15 огу кошо табылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом