Рафаэль Физиев Казакстандын жарандыгын алышы мүмкүн

Рафаэль Физиев Казакстандын жарандыгын алышы мүмкүн

UFC мушкери Рафаэль Физиев Казакстандын жарандыгын алышы мүмкүн. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Казакстандын ММА жана панкратион федерациясынын президенти Сагиндык Мекеев Физиев Казакстанда төрөлгөндүгүн айтып, өзү туулган мамлекеттин жарандыгын алышы мүмкүн деп жоромолдогон.

«Ал Казакстанда төрөлсө дагы, Азербайжандын атынан мелдештерге чыгышы мүмкүн. Балким, Казакстандын же Азербайжандын атынан мелдештерге чыгат. Орусиянын менен АКШнын атынан да чыгып калышы мүмкүн. Бирок Азербайжандын атынан чыгып калышына көбүрөөк ишенип жатам», — деген Мекеев.

Рафаэль Физиев Кыргызстандын жараны. Ал 14-октябрда мындан ары беттештерге Кыргызстандын атынан чыкпаарын жар салган. Ага Муфтияттын басымы себеп болуп жатканын жүйө келтирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>