Чүй: Сокулукта жоголуп кеткен мергенчи табылбай жатат

Чүй: Сокулукта жоголуп кеткен мергенчи табылбай жатат

Тоодо аңчылык кылып жүрүп, дайынсыз болгон жаранды издөө иши караңгы киргендигине байланыштуу эртең кайра улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалым болгондой 27-ноябрда Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылынан “Кичи-Тоо” тоосуна 1961-ж.т. Алекандр Браун жана 1972-ж.т. Дмитрий Забунов аттуу 2 эркек киши аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү Александр Браун үйүнө кайтып келген. Ал эми Дмитрий Забунов текенин артынан кеткен бойдон азыркы учурга чейин дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.

Бүгүн издөө иштерин жүргүзүүгө саат 10:20да Сокулук райондук №23 ӨКБдан 5 куткаруучу, райондук ички иштер бөлүмүнөн 4 кызматкер жана туугандарынан 7 адам тартылып, караңгы киргенге чейин издөө иштери жүргүзүлгөн.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Тэги: мергенчи

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>