Январь окуясы: Казакстанда аскерди өлтүргөн киши 17 жылга кесилди

Январь окуясы: Казакстанда аскерди өлтүргөн киши 17 жылга кесилди

Январь окуясында аскер кызматкерин өлтүргөн Кызылорда шаарынын тургуну 17 жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында Кызылорда сотунун басма сөз кызматына шилтеме берип КазТаг билдирди.

«Массалык баш аламандыкка катышуу, аскер кызматчысынын өмүрүнө кол салуу, ошондой эле террордук акт боюнча айыпталган К. 17 жылга эркинен ажыратылып, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт», — деп айтылат кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык соттун билдирүүсүндө.

Сот 5-январда соода борборунун алдында турган адам аскер кызматкерине күч колдонуп, аскердик Камазды тартып алганын аныктаган. Андан соң аны артка чегинген аскер кызматчыларынын линиясына коюп, газ педалын кыш менен бастырып, андан секирип качкан. Натыйжада унаа аскер адамын сүзүп, кийин ал алган жаракатынан улам каза болгон.

Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноо менен коштолгон.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>