Министрлик: Ошто окуучулар атырга ууланган эмес

Министрлик: Ошто окуучулар атырга ууланган эмес

Ош шаарындагы №8 Горький атындагы мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып, ооруканага түштү деген маалыматтар жалган болуп чыкканын Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 15-апрелинде аталган мектепте танапис учурунда 6 “З” классынын 3 окуучусу атыр себинген. Мындан улам класстагы 38 окуучунун үчөө жагымсыз жыттан жана орозо кармагандыктан башы айланып, бул тууралуу мугалимге билдиришкен.

Мектеп директору буга чейинки окуучулар арасында атырга ууланган окуялардан улам чочулап, окуучуларды ооруканага өзү алып барган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эки окуучу кыздын ден соолугу туруктуу болгондуктан, үйлөрүнө ата-энелерине тапшырылган. Ал эми бир окуучу кыз ата-энесинин өтүнүчү менен бир күнгө ооруканада калтырылып, эртеси үйүнө чыгарылган.

Окуучулардын абалы жакшы болгондуктан ата-энелер тарабынан мектепке даттануулар түшкөн эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: атыр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>