Чүй: Тоодогу өрт 100 гектардан ашты

Чүй: Тоодогу өрт 100 гектардан ашты

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байгелди айылынын тоолорунун биринде чоң өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

100 гектардан ашуун жерди өрт чалды. Өрт өчүрүү кызматынан кызматкерлери 26-27-сентябрга караган түнү саат 23:14тө өрт өчүрүү аракеттерин баштаган.

Акыркы сааттарга алынган маалымат боюнча өрт дагы деле өчө элек. 85 куткаруучу жана Байгелди айыл өкмөтүнөн 4 кызматкер өчүрүүгө аракеттерди көрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>