Ташиев: Бүгүнкү күндө бир грамм алтын сыртка чыккан жок

Ташиев: Бүгүнкү күндө бир грамм алтын сыртка чыккан жок

Кыргызстан июнь-июль айында «Кумтөр» алтын кенинен 90 млн. доллар пайда тапты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган мекеменин Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш учурда билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекетке «Кумтөрдөн» 21 жылда 84 млн доллар пайда түшкөн. Быйыл эки айда 90 млн доллар пайда тапты.

«Мына, акчабыз каякта жатат. Биз алардын коррупциялык системаларын аныктап чыктык. Биздин мурдагы жетекчилердин барынын коррупциялык системага катыштыгы бар экендиги аныкталды. Өкмөт башчылары, парламенттин спикерлери, депутаттар кошулуп алып, мамлекетти талап-тоноп жегенге шарт түзүшкөн. «Кумтөрдө» айына 1,5-2 тонна алтын өндүрүлүп жатса, аны ай сайын учак менен алып чыгып кетип турушкан. Бүгүнкү күндө бир грамм алтын чыккан жок. Ушунун эсебинен Кыргызстаныбыз байып калды, акчасы пайда болду»,- деди ал.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>