БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Чүй: Турак үйдөн чыккан өрттөн 3 киши каза болду
05.07.2022 | 17:59
Бүгүн Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын К.Маркс көчөсүндөгү үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен 59жаштагы аял киши, 64 жаштагы эркек жана 1 эркек киши (өздүгү такталууда) каза тапкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт таңкы саат 5:59да чыгып, өрттү өчүрүүгө N15 ӨККБдөн 1 бөлүм тартылган. Өрттүн жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн.
Куткаруучулар тилсиз жоонун кесепетинен каза тапкан 1958-жылы туулган үй ээси С.К. аттуу жарандын жансыз денеси үйдүн короосунан табылса, үйдүн ичинен эки адамдын 1963-жылы туулган К.Б. аял киши жана өздүгү тактала элек 1 эркек кишинин жансыз денеси чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом