Чүй: Жол кырсыгынан эки жаран каза болду

Чүй: Жол кырсыгынан эки жаран каза болду

31-март күнү Москва районунун Төлөк айылында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 6 адам (4 эркек: И.Б. 2002-ж.т., А.У. 2002-ж.т., 2 эркектин аты-жөндөрү такталууда жана 2 кыз: А.Ж. 2005-ж.т., Ж.Э. 2001-ж.т.) жабыркаган.

2 эркек (К.Б. 2001-ж.т., 1 эркектин аты-жөнү такталууда) каза болгон.

Жерине ӨКМнин 5 куткаруучусу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматы менен Москва райондук ооруканага алып жеткирилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>