Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Чүйдө аялын үбөлүк менен сабаган адамдын иши жабылды
21.02.2023 | 10:12
Чүй облусунда аялын ур-тепкиге алып, сабаган жарандын иши жабылды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.
Маалым болгондой, иш Панфилов райондук сотунда 15-февралда каралган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 30 жаштагы Р.А. аттуу жаран (аттар өзгөртүлдү) быйыл 3-январда болжол менен саат 09:00до аялын ур-тепкиге алган: ал колу, буту жана үбөлүк менен аялын башка, ичке, бутка урган.
Соттук отурумда, териштирүү башталарга чейин, жабырлануучу күйөөсүнө материалдык жана моралдык доосу жок экенин айтып, ага карата кылмыш ишин кыскартууну суранган.
Бул өтүнүчтү айыпталуучу менен анын жактоочусу колдоп, мамлекеттик айыптоочу (прокурор) каршылыгын билдирген эмес.
Жыйынтыгында сот ишти кыскартуу тууралуу чечим кабыл алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз