Жалал-Абад облустук милициясында эне тил күнү белгиленди

Жалал-Абад облустук милициясында эне тил күнү белгиленди

Бүгүнкү 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн утурлай Жалал-Абад облустук милициясында эне тил күнү белгиленди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Облустук милициянын уюштуруу инспектордук бөлүмүнүн улук инспектору Акылбек Каратаев кызматкерлерге эне тил тууралуу бир топ кызыктуу маалыматтарды айтып берген.

«Ал эне тилди аздектеп барктоо керектигин айтып, иш кагаздарын, бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү эне тилибизде жүргүзүүгө чакырды. Дүйнөдө көптөгөн тилдер колдонулбай калгандыктан, жоголуп баратканын белгилеп, ар бир кызматкерди мекенчилдикке үндөдү.

Белгилей кетсек, 21-февраль ЮНЕСКО тарабынан Эл аралык эне тил күнү катары белгиленген. Дүйнөдө 6500дөн ашык тил болсо, алардын көпчүлүгү колдонулбагандыктан, жоголуу коркунучунда турат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>