Камактагы Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылды

Камактагы Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылды

Кемпир-Абад иши боюнча камалган активист Клара Сооронкулова жеке клиникага жаткырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал бейтапканага дарыгерлердин сунушу менен 20-февралда жаткырылган. Ал жактан Сооронкулова толук текшерүүдөн өтөт. Анын жыйынтыгы менен ага операция жасалары же жасалбай турганы белгилүү болот.

17-февралда Сооронкулованын камактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган иш боюнча камалгандардан Мамбетжунус Абылов, Перизат Суранова жана Равшан Жээнбеков ооруканага жаткырылган.

2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова камакта калтырылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>