Чүйдө бюджеттен мыйзамсыз 30 млн сом уурдалганы аныкталды

Чүйдө бюджеттен мыйзамсыз 30 млн сом уурдалганы аныкталды

Чүй районунун капиталдык курулуш башкармалыгында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын декабрь айында тендердик сметага кирбеген, кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрүлбөстөн, жасалма келишимдерди түзүү жолу менен 30 миллион сомдон ашык суммадагы каражат республикалык бюджеттен чыгарылган. Ишти аткарган тарап С.Т. жетектеген ЖЧК тарабынан иш жүзүндө көрсөтүлгөн жумуштар аткарылган эмес.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында подряддык компания «К.А.Ддын» жана анын жетекчиси С.Т. кармалды.

Учурда Улуттук коопсуздук комитети мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын аныктоодо.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>