Чүйдө эже-сиңди изделүүдө. Жакындары жардам сурайт

Чүйдө эже-сиңди изделүүдө. Жакындары жардам сурайт

Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан эже-сиңди изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой 2-сентябрда Кемин райондук милицияга 36 жаштагы Д.С. аттуу жаран кайрылып, 15 жаштагы Алтынай жана 9 жаштагы Айсулуу аттуу кыздарын издөөгө жардам берүүнү суранган.

Кыздар 31-августта саат 07:40та Кемин районунун Кароол-Дөбө айылындагы (Токомбаев көчөсү, 31) үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда.

Алтынайдын белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы узун, кара.

Кийген кийими: кара футболка (алдында ак түстөгү сүрөтү бар), кара түстөгү джинсы костюму, кара түстөгү шым, кара түстөгү спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: сол колундагы чыпалагында кесиктин тагы бар.

Айсулуунун белгилери: бою 125-130 см, орто дене түзүлүштө, чачы узун, кара.

Кийген кийими: ак көйнөк, көк түстөгү джинсы костюму, кызгылт (розовый) түстөгү шым, кара түстөгү спорттук бут кийим. Жанында кызгылт түстөгү портфели болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: издөө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>