Казакстанда борбор калааны кайра Астана деп атоо сунушталды

Казакстанда борбор калааны кайра Астана деп атоо сунушталды

Казакстанда борбор калаанын азыркы Нур-Султан аталышын мурдагы Астана атына өзгөртүү сунушталды. Мындай демилгени парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары көтөрүп чыкты.

Жыл башында түзүлгөн, президент Касым-Жомарт Токаевдин саясатын колдогон «Жаңы Казакстан» тобунун депутаттары адамдын көзү тирүүсүндө анын атын шаарга берүүнү туура эмес көрөт.

«Адамдын көзү тирүүсүндө шаарга анын атын берүү туура эмес деп эсептейбиз, ошондой эле шаардын жаңы аталышын эл да кабыл алган жок. Ошондуктан тунгуч президент өзү сунуштаган Астана атын кайра кайтаруу тарыхий акыйкаттык болмок», — деп айтылат депутаттардын билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, Казакстандын борбор калаасы Астананын аталышы 2019-жылы март айында Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Бул сунушту Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткенден кийин анын ордун ээлеген Касым-Жомарт Токаев берген. Анын демилгеси парламент тарабынан дароо колдоо тапкан.

Борбор калаанын атынын өзгөртүлүшүнө эл каршы чыгып, митингдерди өткөргөнү менен майнап чыккан эмес.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>