Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Ырчы Бек Исраилов “Славян базары” сынагында 3-орунду ээледи (видео)
18.07.2022 | 10:49
Кыргызстандык ырчы Бек Исраилов “Славян базары” музыкалык сынагында 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу сынактын түз эфиринде маалымдалды.
Беларусияда өткөн сынак 18-июлга караган түнү жыйынтыкталып, анда баш байгени 13 катышуучунун ичинен белорус ырчысы Анна Трубецкая ээледи. Экинчи орунду Россиядан келген Анастасия Белявская жана Болгария ырчысы Димитрина Германова алышты. Учүнчү орунга армениялык ырчы Мария Ханданян жана кыргызстандык ырчы Бек Исраилов татыды.
Бек Исраилов 16-июль күнү сынактын биринчи турунда Александр Серовдун “Я люблю тебя до слёз” аттуу ырын аткарган. Экинчи турунда англис тилиндеги дүйнөлүк хит чыгармалардын бирин аткарган.
“Славян базары” эл аралык музыкалык сынагы 1992-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы