Токтогулдун тургуну борборго 1 кг баңгизат алып баратканда кармалды

Токтогулдун тургуну борборго 1 кг баңгизат алып баратканда кармалды

Токтогул районунда 43 жаштагы жарандан ири өлчөмдөгү гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токтогул районунда ыкчам иш-чара өткөрүлдү.

Ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Токтогул районунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү гашиш баңгизатын сатуу жана ташуу схемасы бар экендиги аныкталган.

БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан, Токтогул районунда баңгизатын Бишкек шаарына алып барып сатууга ниеттенген жүргүнчү олтурган автоунаа токтотулган. Кызматкерлер тарабынан унаанын багаж бөлүгүн тинтүү учурунда скотч менен оролгон кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат салынган кара чарчы баштыкча  алынган.

Баштыкчаны ачууда 168 даана кочкул-жашыл түстөгү ар кандай формадагы заттар табылып, алар Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын тургуну 43 жаштагы  С.Р. аттуу жаранына таандык болгондугу аныкталган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, баңгизаттын жалпы салмагы 1 кг 776 грамм гашиш экени аныкталган.

Кылмышка шектүү С.Р. аттуу жаран Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>