Чүйдүн тургуну сабалып, каракталды. Шектүүлөр кармалды

Чүйдүн тургуну сабалып, каракталды. Шектүүлөр кармалды

Чүйдө жаранды сабап, карактап кеткен эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 25-июлга караган түнү болгон. Ивановканын 27 жаштагы тургуну айылына жетүү үчүн жолдон унаа тосуп кеткен. Дмитриевка айылына жакын калганда, айдоочу унааны талаа жакка айдаган. Талаадан унаадагы адамдар аталган жаранды сыртка алып чыгып, коркутуп, ур-тепкиге алып, 8 миң сом акчасын жана телефонун тартып алышкан. Сабалган жарандын сол акыреги сынып, ооруканага түшкөн.

Аталган факт Ысык-Ата райондук милициясында каттоого алынып, «Кылмыш-жаза» кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары эки жаш жигитти — 2001-жылы туулган М.Ы. жана 2005-жылы туулган Б.С. аттуу жарандарды кармады. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>