Президентке кат жазган түптүк окуучулардын тилеги орундалды

Президентке кат жазган түптүк окуучулардын тилеги орундалды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Миң-Булак айылында жашаган эки бир тууган жаңы жылдык майрамга карата өлкө башчыга кат жазып, президент алардын тилегин аткарганын “Турмуш” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  И.Касмалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 6-класста окуган Мыктыбек Сарыгуловго жана 5-класста билим алган Айсулуу Сарыгуловага президент Садыр Жапаровдун атынан жаңы жылдык белек тапшырылды. Президенттин кол тамгасы жазылган энциклопедия жана таттуу белектерди алуу бир туугандар үчүн күтүүсүз болгонун өспүрүмдөрдүн атасы Таалайбек Маматов айтып берген.

«Мен ден соолугума байланыштуу ооруканада болчумун. Ошол мезгилде «Баластан» телеканалы аркылуу даректи жазып алып, кызымдын идеясы менен уулум экөө ажого жаңы жылдык белек сурап кат жазган экен. Андан көп өтпөй президенттин атынан белек тапшырып, жакшы маанай тартуулап кетишти. Балдарымдын кыялы, алдыга койгон максаттары чоң», — деген ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>