Баткенде үй курууда алдамчылыкка шектелген ишкер кармалды

Баткенде үй курууда алдамчылыкка шектелген ишкер кармалды

Баткендин Ак-Сай айылында Тажикстандын кол салуусунан кийин талкаланган 57 үйдү калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөн Добурбек Кадыров кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин ал ишкерден 1,2 млн сомго товар алып алдап кеткен делип издөөгө алынган. Добурбек Кадыров милиция тарабынан Бишкек шаарынын аймагында кармалган.

Эскерте кетсек, июнь айынын ортосунда милиция Добурбек Кадыров алдамчылыкка шектелип жатканын, аны издөө жүрүп жатканын тууралуу кабарлаган.

Маалыматка караганда, аталган жарандын үстүнөн милицияга Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну арызданган.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан кийин Ак-Сай айылындагы талкаланган 57 үйдүн калыбына келтирүү иштери менен Лейлек районунун 1967-жылы туулган Добурбек Кадыров аттуу тургуну алектенмей болгон.

«Шектүү 2023-жылдын январь-февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып, акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен жалпы суммасы 1 млн 295,4 миң сомдук курулуш материалдарын алып, 26-мартка чейин акчасын алып келип беремин деп алдап, убадалаган убактысына акчасын бербестен, байланышка чыкпай, качып кеткен», — деп билдирген милиция.

Аталган факты боюнча 16-майда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган.

Баткенде талкалаган үйлөрдү оңдогон ишкер алдамчылыкка шектелүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>