Чүйдө массалык мушташ болду. Окуянын чоо-жайы

Чүйдө массалык мушташ болду. Окуянын чоо-жайы

Чүйдүн Панфилов районунда өспүрүмдөр арасында массалык мушташ болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 27-декабрда саат 01:47де милицияга Кайыңды шаарында массалык мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине барган милиция кызматкерлери Кайыңды шаары менен Панфилов айылынын өспүрүмдөрү ортосунда пневаматикалык курал колдонуу менен массалык мушташ болгонун аныктаган. Натыйжада 17 жаштагы П.Р. аттуу жаранды сабашып, телефонун тартып алышкан.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында массалык мушташка катышкандар аныкталып, алар Кайыңды шаарынын жана Панфилов айылынын 2001-2005-жылы туулган тургундары болуп чыккан. Мушташтын катышуучулары райондук милицияга жеткирилип, ошондой эле окуя жеринен пневматикалык курал алынган.

Аны менен бирге кылмыш иштин алкагында шектүү катары 20 жаштагы А.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>